Ассоль Молдокматовага кол салуу болду

9 июль 2020 16:07 4227 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Теле алып баруучу Ассоль Молдокматовага кол салуу болду. Бул тууралуу анын социалдык тармактагы баракчасына таянып “Барометр” билдирет.

Окуя кечээ, 8-июль, Молдокматованын үйүнөн алыс эмес жерде болгон. Жалгыз кетип бара жаткан алып баруучуга белгисиз эки бала жашыруун келип, бычак көрсөтүп, “бийликти сындаганды, кылган ишиңди токтотпосоң өлтүрүп кетебиз” деп коркутушкан.

"Мени коркутуп жатышат. Мен айткан чындык, аларга жакпай жатат", - деп жазган Молдокматова.

Молдокматова буга чейин бир катар провокациялык билдирүүлөрдү тараткан.

Ассоль Молдокматова аны коркутуп жаткандыгы тууралуу билдирүү жазгандан тарта, анын колдоочулары тарабынан Ассолдон колуңарды тарткыла деген флешмоб башталган.


Ссылка: https://barometr.kg/assol-moldokmatovaga-kol-saluu-boldu



Добавить комментарий