“Улутчул” деди. Артур Цветков Ассоль Молдокматовадан миллион доллар өндүрүп алууну көздөөдө (видео)

11 сентября 2020 13:47 941 Barometr
Поделиться в:
ok

Россиялык  теле алып баруучу Артур Цветков кыргыз кесиптеши Ассоль Молдокматовадан 1 миллион доллар өндүрүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу ал өзүнүн соц тармактагы баракчасына калтырган билдирүүсүнө шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалыматта, Артур Цветковдун кыргызстандык мигрант менен болгон чырынан кийин Молдокматова "хайп " кылууну чечип, анын аброюна шек келтире турган билдирүүлөрдү жазып турган комментаторлорду жалдаган деп айтылат.  Ошондой эле Ассоль Молдокматова кыргыз мигранты менен болгон чырды элге ачыктап, Артур Цветковду “улутчул” деп атады деген нааразычылыгын билдирди.

«Коомдук тамактануу кызматкери менен болгон чырдын аягы кол алышуу менен аяктаган. Ошого карабастан,  өзүнүн мекенинде белгилүү алып баруучу  атайылап боордош кыргыз элинин бир бөлүгүн мага каршы чыгарып жатат. Ошол замат чечилген чыр-чатакты ушул күнгө чейин улантып, кайрадан козутуп жатат. Анын айынан менин жакындарымдын жана өзүмдүн өмүрүмө коркунучтар жаралууда. Ошондуктан ар дайым күзөтчүнүн коштоосунда жүрүүгө аргасыз болдум. Жогоруда айтылгандарга таянып жана келечектеги провокаторлорго үлгү көрсөтүү менен, мен бул окуяга катышкандарды улуттар аралык кастыкты козуткандыгы жана үй-бүлөмдүн түндөрүн уйкусуз калтыргандыгы үчүн жоопко тарткым келет. Мен бир миллион доллар өлчөмүндөгү моралдык компенсацияны өндүрүп алууга бар күчүмдү жумшайм », - деди Цветков

Молдокматовадан бул тууралуу азырынча үн ката элек.

Цветков жарыялаган видеонун алдына  Кыргызстандан айрым колдонуучулар орусиялык журналист Москвадагы тез тамактануучу жайлардын бириндеги окуядан улам өзүн атайылап рекламалап жатат деп жазышкан.

Эске салсак, 2020-жылдын август айынын орто ченинде Москвадагы коомдук тамактануучу жайлардын биринде MTV каналынын мурдагы алып баруучусу Артур Цветков (Арчи) ашпозчунун масканы кийүү өтүнүчү менен кайрылганынан улам чыр чыгып, ал Кыргызстандык мигрантты депортация кылам деп коркуткан.

Ссылка: https://barometr.kg/ulutchul-dedi-artur-cvetkov-assol-moldokmatovadan-million-dollar-ndrp-aluunu-kzdd-video



Добавить комментарий