Аслан Кулбаев: «КР жаңы ЖПК жактоочулардын ролун жогорулатат жана «чөнтөк жактоочулардын» тамырын кыркат»

26 март 2019 14:49 4180 Barometr
Бөлүшүү:
ok

2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген Жазык-процесстик кодекске адам укуктарынын эл аралык стандарттарын ишке ашыруунун механизмдери киргизилген.

Укуктук эксперт Аслан Кулбаев менен богон маекте жактоочунун жаңы ыйгарым укуктары жана анын жазыктык сот өндүрүшүнө кириши тууралуу айтып берди.

- Жаңы ЖПК жактоочунун ролу кандайча жогорулатылды?

-Жазыктык сот өндүрүшүндө жеке адамдын укуктарынын жана эркиндиктеринин жактоочу тарабынан корголуу функцияларынын ишке ашуусу процесстин атаандаштык конструкцияларынын зарыл элементи болуп  саналат.

Ушуга байланыштуу жүргүзүлүп жаткан соттук реформанын алкагында мыйзам чыгаруучу жазыктык сот өндүрүшүндө жактоочунун ролун жогорулатууга өзгөчө көңүл бөлгөн. 

КР жаңы ЖПК жактоочу:

 • шектүүнүн, айыпталуучунун, соттолуучунун, акталуучунун, материалдык чыгымдын (моралдык чыгымдын) ордун толтуруучу жактын, жазык-укуктук таасир этүү чараларын колдонуу үчүн өндүрүш башталган юридикалык жактын өкүлүн коргоо функцияларын ишке ашыруучу, коргоочунун милдетин аткарат жана коргоо тараптан катышуучу болуп саналат.

• жабырлануучунун, жеке айыптоочунун укуктарын жана эркиндиктерин коргоо функцияларын ишке ашыруучу, өкүлдүн милдетин аткарат жана айыптоочу тарап болуп саналат.

• күбөнүн укуктарын коргоо функцияларын ишке ашыруучу, коргоочунун милдетин аткарат.

• өкүмдү аткарууга байланыштуу маселелерди чечүүдө юридикалык жардам көрсөтүү үчүн соттолуучу тарабынан чакырылуучу, өкүлдүн да милдетин аткарат.

КР Конституциясынын 40-беренесине ылайык, квалификациялуу юридикалык жардам алууга ар бир адам укуктуу. Мыйзам тарабынан каралган учурларда, юридикалык жардам мамлекеттин эсебинен көрсөтүлөт.

 КР ЖПК 50-беренесинде коргоочуга аныктама берилген — бул жазык иши боюнча жана (же) жоруктар туурасындагы иш боюнча шектүүнүн, айыпкердин, күбөнүн укуктары менен эркиндиктерин коргоону ишке ашыруучу жана аларга квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүчү адам.

Сотко чейинки өндүрүштө жана сотто коргоочу катары жактоочу гана чыга алат. Ошондуктан, КР Конституциясы тарабынан кепилденген квалификациялуу юридикалык жардамды көрсөтүүчү субект жана коргоочунун ыйгарым укуктарын жалгыз гана алып жүрүүчү болуп прфессионалдуу негизде өзүнүн ишмердүүлүгүн жүргүзгөн жактоочу гана эсептелет.

Эми жазык иши боюнча жана (же) жоруктар туурасындагы иш боюнча жакын туугандары же башка адамдар (жактоочу менен бирдей же анын ордуна) коргоочу катары катышууга укугу жок.

Жазыктык сот өндүрүшүндө квалификациялуу юридикалык жардамды көрсөтүүчү субъект бир гана жактоочу боло алат дегенди Адвокатура жана адвокаттык ишмердүүлүк жөнүндө КР Мыйзамы бекемдейт: «Кыргыз Республикасындагы адвокаттык ишмердүүлүк мыйзам тарабынан бекитилген тартипте жактоочулук ишмердүүлүк менен алектенүүгө укук берүүчү лицензия алган адамдар тарабынан физикалык жана юридикалык жактарга алардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын, ошондой эле сот адилеттүүлүгүнө болгон жеткиликтүүлүктү коргоо жана камсыз кылуу максатында профессионалдуу негизде көрсөтүлгөн квалификациялуу юридикалык жардам болуп саналат».

Кыскасы, мыйзам чыгаруучу адвокаттык ишмердүүлүктү «квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү» түшүнүгү менен аныктаган.

Жактоочу ишке киришүү укугуна качан ээ болот?

- Мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардам (МКЮЖ) жөнүндө КР Мыйзамына ылайык, жактоочу шектелүүчүнү кармаган же шектелүүчүнүн кылмыш жана (же) жорук жасаганга шектелгендиги туурасында билдирүү болгон учурдан тартып ишке катышууга укуктуу, ал эми күбөнүн укугун коргоодо – аны суракка алган биринчи учурдан тартып. 

Белгилеп коюу зарыл,  жактоочунун ишке катышуусу үчүн жол берилбейт делбейт, тескерисинче ал ишке катышууга киришет, ошондуктан жактоочунун ишке катышуусу үчүн жазуу түрүндөгү арыз же өтүнүч, демек тергөөчүнүн, судьянын уруксаты дагы талап кылынбайт.

КР ЖПК 50-беренесинин 4-бөлүгүндө жаңы жобо каралган: «Жактоочу текшерүү же тергөө органдарына, прокуратурага же сотко чакырылган кайсыл гана адамдын болбосун укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону ишке ашырууга укуктуу, муну менен жактоочу аталган Кодекстин  54-беренесинде каралган ыйгарым укуктарга ээ болот». Моюнга алыш керек, аталган жобо жазык-процесстик мүнөзгө ээ эмес, анткени жазык процессине катышкан кайсыл гана адам болбосун белгилүү бир статуска ээ: күбө, шектүү, жабырлануучу ж.б.

Бирок мыйзам чыгаруучунун планында аталган жобо укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан кызматтык ыйгарым укуктарды ашыкча колдонуу фактыларынын тамырын кыркууга багытталган — иш боюнча күбө же шектүү катары али эсептелбеген адамдар суракка алынат жана кийин анын өзүнө каршы колдонулуусу мүмкүн болгон маалыматтарды алышат, мындай учурларда жактоочунун катышуусуна жол берилбейт. 

КР жаңы ЖПК жоболорунда шектүүнүн, айыпкердин аларга берилген жактоочуга болгон укуктары так көрсөтүлгөн. Аталган жобо, тактап айтканда, жактоочуну эркин тандоо укугу Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактын 14-беренесинен келип чыккан. Качан гана тандалган жактоочунун катышуусу мүмкүн болбогон учурларда гана, шектелүүчүгө (айыпкерге) МКЮЖ боюнча жактоочулардын мамлекеттик реестри аркылуу жактоочу берилет. 

- Мындай жаңы ыкмалар  сөз болуп келген «чөнтөк жактоочуларды» жок кыла алабы»? 

- КР ЖПК жана МКЮЖ жөнүндөгү Мыйзамда шектүүнүн жана айыпкердин кызыкчылыктарына каршы жактоочуну дайындоодогу терс тажрыйбаларга багытталган жаңы эрежелер камтылган. Адатка айланган тажрыйбаларда айтылып жаткан «чөнтөк» жактоочулар менен тергөөчүлөр сүйлөшүп алып, тергөөгө ыңгайлуу болгон процесстик документке кол койдуруп келишкендиги жашыруун деле эмес.

Мындай документтердин көптүгү кийин айыптоо үчүн бирден бир негиз болуп калат.

МКЮЖ көрсөтүүдө жактоочулардын катышы КР Юстиция министрлигинин МКЮЖ координациялоо боюнча борбору менен биргеликте иштеген облустардагы, Бишкек жана Ош шаарларындагы аймактык адвокатуралар тарабынан камсыздалат.  Бул Борбордун координатору квалификациялуу юридикалык жардамды көрсөтүү боюнча жактоочулардын мамлекеттик реестрине кирген жактоочулардын ичинен бирөөсүн дайындоого укуктуу. Ушуга байланыштуу, тергөөчү мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардам алуу укугуна ээ  адамга карата коргоочуну дайындоону талап кылууга укуктуу. Мындай укук КР ЖПК  35-беренесинин деп аталган 12-пунктундагы «Тергөөчүнүн ыйгарым укуктарында»  жазылган.

МКЮЖ боюнча кайсыл категориядагы адамдар жардам ала алышат?

 МКЮЖ жөнүндөгү КР Мыйзамынын 8-беренесинде МКЮЖ алууга укугу бар адамдардын чөйрөсү аныкталган, анын ичинде жазыктык сот өндүрүшүнүн чөйрөсүндө дагы. Алардын катарына: жылдык кирешеси минималдуу эмгек акысынын   60-эселик көлөмүнөн ашпаган шектелүүчүлөр, айыпкерлер, соттолуучулар, акталгандар, жабырлануучулар жана жашы жете элек күбөлөр кирет. 

МКЮЖ жөнүндө Мыйзамдын ошол эле беренесинин 2-бөлүгүндө жылдык кирешеси эсепке алынбастан квалификациялуу юридикалык жардам кимдерге көрсөтүлөрү белгиленген:

1) кармоо учурундагы адамдарга;

2)өзгөчө оор кылмыштарды жасады делип шектелген, айыпталган, соттолуучуга;

3) I жана II топтогу майыптыгы бар адамдарга;

4) психикалык оорулар менен жабыркаган адамдарга;

5) Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жана алар менен бирдей деңгээлде турган адамдарга;

6) жашы жете электерге — алардын кызыкчылыгында, алардын ата-энесине (асырап алуучуларга, камкордукка алуучуларга) — балдардын кызыкчылыгында;

7) жашы жете элек баланы/балдарды тарбиялап жаткан жалгыз бой энелерге;

8) жашы жете элек баланы/балдарды энеси жок тарбиялап жаткан адамдарга — балдардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын камсыздоо жана коргоого байланыштуу маселелер боюнча;

9) мөөнөттүү аскер кызматындагы аскер кызматкерлерине;

10) мамлекеттик үй-интернаттарында жашаган кары-картаңдарга;

 11)мыйзам тарабынан каралган башка учурларда. КР ЖПК  52-беренесинде каралган башка учурларда.

Кайсыл учурларда жактоочу милдеттүү түрдө катышуусу керек болот?

- Жазыктык сот өндүрүшүндө жактоочунун катышуусу милдеттүү түрдө болот, эгерде:

• шектүүнүн, айыпкердин сүйлөө, угуу, көрүү органдарында олуттуу кемчилик болгондуктан, узакка созулган катуу оорудан, ошондой эле акыл-эстин кемчилдигинен, кем акылдыктан башка саламаттыгынын же психикалык мүчүлүштүктөрүнөн улам өзүнүн актоо укугун өз алдынча ишке ашыруу оор болгон учурда;

• шектелип жаткан адамдын, айыпкердин өтүнүчү болсо;

• шектүү, айыпкер жазыктык сот өндүрүшүнүн тилин билбесе же чала билсе;

 •шектүү, айыпкер жашы жете элек өспүрүм болсо;

• адамга өзгөчө оор кылмыш жасады деген шектенүү же күнөө коюлуп жатса;

• шектүү, айыпкер мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматкери болсо;

• шек саналгандардын, айыпталгандардын кызыкчылыктарынын ортосунда карама-каршылык болсо жана алардын бирөөсүнүн гана жактоочусу болсо;

• жазык иши боюнча сот ишине жабырлануучунун, жеке айыптоочунун өкүлү катышып жатса;

• жазык иши сот арачыларынын катышуусу менен сот тарабынан каралууга тийиш болгондо;

• медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу керек болгон адамдарга карата же ал чараларды колдонуу туурасындагы маселе чечилип жатса — адамда психикалык оорунун бар экендиги же анын акыл-эси ордунда эместигине байланыштуу күмөн саноолорду жараткан башка маалыматтар боюнча фактылар коюлган учурдан тартып;

• процесстик макулдашуу жана аны бекитүү жөнүндө өтүнүч берилсе.

Андан тышкары, шектелүүчү, айыпкерге карата баш коргоо чараларын колдонуу туурасында прокурордун өтүнүчүн сот караган учурда жактоочунун катышуусу сөзсүз түрдө аткарылышы керек. Аталган талап баш коргоо чараларынын мөөнөтүн узартуу жол-жобосунда дагы сакталат. Ошентип, жаңы ЖПК жана МКЮЖ жөнүндө мыйзамга ылайык, эгер адам шектелүүчү катары кармалган болсо жана ошол учурда анын жактоочусу болбосо, анда МКЮЖ анын кирешелерин тактабастан эле, аталган Борбордун координаторунун тапшыруусу менен МКЮЖ боюнча Борбордун нөөмөттөгү жактоочусу кыска мөөнөттө келүүсү жана квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү жолу менен кармоо жол-жобосуна катышуусу керек. Ошол эле учурда, шектүүнү кармоо болгондугу жөнүндө МКЮЖ Борборуна билдирүү менен шектелүүчүнү жактоочу менен камсыздоо милдети жазыктык текшерүү органына жүктөлөт (МКЮЖ жөнүндө мыйзамдын 22-беренеси). Кийинки кезекте, МКЮЖ алууга болгон шектелүүчүнүн укугу мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардам боюнча мыйзамга ылайыкталып, анын арызы боюнча жалпы негизде каралышы керек.

- Коргоочунун (жактоочунун) ыйгарым укуктары жөнүндө айтып берсеңиз?

- КР ЖПК негизги делген жаңы ыкмаларга коргоочунун (жактоочунун) ыйгарым укуктарына тиешелүү болгон анын далилдерди депонирлөө жана экспертти чакыруу менен экспертизаларды дайындоо туурасында тергөөчү судьяга өтүнүч келтирүү, ошондой эле келишимдик негизде экспертизаларды өткөрүү жөнүндө эксперттик уюмга өз алдынча кайрылууну; угуу мүмкүнчүлүгү четке кагылган шарттарда коргоого алып жаткан адам менен жолугуу укугун киргизүү керек.

Ссылка: https://barometr.kg/aslan-kulbaev-kr-zhay-zhpk-zhaktoochulardyn-rolun-zhogorulatat-zhana-chntk-zhaktoochulardyn-tamyryn-kyrkat



Добавить комментарий