Курсан Асановдун иши боюнча сот отуруму 2-октябрга жылдырылды

29 сентябрь 2020 18:02 830 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 29-сентябрда Курсан Асановдун иши боюнча сот отуруму айыпталуучулардын жактоочуларынын келбегендигине байланыштуу жылдырылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун иши каралууда.

Белгилей кетсек, Асановдун ишинин алкагында мурдагы чиновниктин айдоочусу Дамирбек Пайзылда уулу жана «Чындык» гезитинин редактору Турсунбек Бейшенбеков дагы суралууда. 

Айыпталуучулардын жактоочуларынын келбегендигине байланыштуу, бүгүнкү соттук отурум 2-октябрга саат 10:00гө жылдырылды. 

Ссылка: https://barometr.kg/kursan-asanovdun-ishi-boyuncha-sot-oturumu-2-sentyabrga-zhyldyryldy



Добавить комментарий