Дезинфекциядан кийин пневмония күчөдү деген суроого министр Аскаров жооп берди

23 июль 2020 13:00 666 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Дезинфекциялоодон кийин пневмония менен ооругандар көбөйдү деген суроого Өзгөчө кырдаалдар министри жооп берди. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров социалдык баракчалардын колдонуучуларынан берилип жаткан суроолорго жооп берди.  

Анда дезинфекциялоо иштеринен кийин пневмония менен ооругандар көп болууда деген суроого, министр төмөндөгүчө жооп узатты:

“Дезинфекциялоочу каражаттардын партиясы келгенде, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери корутунду берүү үчүн аны мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн жергиликтуу борборлоруна экспертизага жиберишет. Лабораториялык текшерүүлөрдү жүргүзгөндөн кийин, Санитардык- эпидемиологиялык көзөмөлдүн кызматкерлери чечимди андан ары даярдоо боюнча сунуштарды беришет. Саламаттыкты сактоо министрлигинин ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин 30-марттагы кат аркылуу берген көрсөтмөгө ылайык дезинфекция аралашмасын төмөндөгү тартипте колдонулат. 10 литр сууга 100 грамм гиплохлорит Са порошогу, 2 даана хлор таблеткасы Хлормисептик - Р. 100 литр сууга 1 килограмм гиплохлорит Са порошогу, 20 даана хлор таблеткасы Хлормисептик-Р. 1000 литр сууга 5 кг гиплохлорит Са порошогу, 200 даана хлор таблеткасы Хлормисептик - Р кошулмалары кошулат. Башкача айтканда дезинфекциялоо иштери саламаттыкты сактоо министрлигинин нормаларына ылайык жүргүзүлүп жатат», - деп айтты ал.

Ошондой эле, Замирбек Аскаров социалдык тармак аркылуу берилген суроолор жоопсуз калбаарын билдирди.

Ссылка: https://barometr.kg/askarov-zamirbek-berilip-zhatkan-suroolorgo-zhoop-bern-tuura-krdm



Добавить комментарий