Аскар Салымбековдун Ат-Башыда курулчу логистикалык борбор боюнча ою кандай?

22 январь 2020 15:21 7426 11 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жеке ишкер, Жогорку Кеңештин экс-депутаты жана учурунда Нарын облусунун губернатору болгон Аскар Салымбеков Ат-Башы районуна салына турчу логистикалык борборго пикири түз экенин маалымат жыйында билдирди.

Салымбеков Нарын облусунун губернатору болуп иштегендиктен ал жактагы көйгөйлөрдү жакшы билерин айтты. Ал өз сөзүндө мындай мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаш керектигин белгилеп, инвесторго жакшы шарт түзүп берүү керектигин кошумчалады.

"Муну колдон чыгарбайлы, ырыскы келип жатат. Кийин кайта кейип калбайлы. Элге жакшы, туура түшүндүрүп, бул инвестицияны колдоп, жалпы эл менен алып калышыбыз керек. Иш башталыптыр, инвесторлорго жакшы шарт түзүп берели", — деди ал.

Салымбеков логистикалык борбордо башка мамлекеттин компанияларына, жергиликтүү ишкерлерге дагы эшик ачык экенин айтты.

"Чылгый эле кытай компаниялары болбойт. Бул жерде башка чет мамлекеттердин көптөгөн компаниялар болот", — деди ал.

"Ат-Башы экономикалык аймагы" компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Эркин Абдыкадыров логистикалык борбордун техникалык экономикалык негиздемеси февраль айында бүтөрүн, ал эми долбоорду 8 жылда ишке ашыруу пландалганын кошумчалады.

Аталган жайдын инфраструктурасын салуу үчүн 280 миллион доллар сарпталат. Ал эми логистикалык борбор үчүн 200 гектар жер бөлүнүп, ижарага берилген.

Ссылка: https://barometr.kg/askar-salymbekovdun-bashyda-kurulchu-logistikalyk-borbor-boyuncha-oyu-kandaj



Добавить комментарий