Аскар Салымбековдун Ат-Башыда курулчу логистикалык борбор боюнча ою кандай?

22 январь 2020 15:21 7427 11 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жеке ишкер, Жогорку Кеңештин экс-депутаты жана учурунда Нарын облусунун губернатору болгон Аскар Салымбеков Ат-Башы районуна салына турчу логистикалык борборго пикири түз экенин маалымат жыйында билдирди.

Салымбеков Нарын облусунун губернатору болуп иштегендиктен ал жактагы көйгөйлөрдү жакшы билерин айтты. Ал өз сөзүндө мындай мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаш керектигин белгилеп, инвесторго жакшы шарт түзүп берүү керектигин кошумчалады.

"Муну колдон чыгарбайлы, ырыскы келип жатат. Кийин кайта кейип калбайлы. Элге жакшы, туура түшүндүрүп, бул инвестицияны колдоп, жалпы эл менен алып калышыбыз керек. Иш башталыптыр, инвесторлорго жакшы шарт түзүп берели", — деди ал.

Салымбеков логистикалык борбордо башка мамлекеттин компанияларына, жергиликтүү ишкерлерге дагы эшик ачык экенин айтты.

"Чылгый эле кытай компаниялары болбойт. Бул жерде башка чет мамлекеттердин көптөгөн компаниялар болот", — деди ал.

"Ат-Башы экономикалык аймагы" компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Эркин Абдыкадыров логистикалык борбордун техникалык экономикалык негиздемеси февраль айында бүтөрүн, ал эми долбоорду 8 жылда ишке ашыруу пландалганын кошумчалады.

Аталган жайдын инфраструктурасын салуу үчүн 280 миллион доллар сарпталат. Ал эми логистикалык борбор үчүн 200 гектар жер бөлүнүп, ижарага берилген.

Ссылка: https://barometr.kg/askar-salymbekovdun-bashyda-kurulchu-logistikalyk-borbor-boyuncha-oyu-kandaj



Добавить комментарий

  • Анча эле гулдотсонуздор Буга чейин эмнеге Бир завод же фабрика Эл учун курган жоксуздар. 28 жыл Эл кутту. Эми Эл алданбайт. Мен Буга каршымын
  • Илбирис 5 лет назад
    Хан Кошойдун Жерин Сатып Кемире Башташты Кылтылдап Кирет Койнуна Кылтагын Илет Моюнуна Абайла Кыргыз Абайла Кытайдын Кытмыр Оюнуна Деп Калыгул Олуя Айтып Кеткен Кытай Башы Баткандан Кийин Озунду Кубалап Чыгат Абийир Намыстан Дагы Акча Бийик Турат Акча Бийликке
    • Акылбек 5 лет назад
      Салымбеков шанс келди деп Узонгу куушту сатууга дагы чуркаган,Аксай,Арпаны сатуугадагы салымын аябай кошкон,эми логистика деп кытайларга берууго аябай чуркап атат,качан эл,жер дейсине же кайсы чон келип команда берселе элинерди жеринерди сата бересинерби?
  • Баары шакалдар.Кимге ишенсе болот?????Кайран Кыргызым.
  • Кытайларды болушунча тыгып эле жатасынар Кыргызстанга толду бир чиновник кирген Кытайлады токтотолу өзүбүздүн жарандарга жумушчу орун түзөлү дебейт 😤😤😬😬😬😬😡😡😡
  • Мен деле Эл катары каршымын өткөндө комментарий жазган элем Фейсбукка он мүнөттөн кийин звонок келди жөн жүрүңүз деп
  • Ушул киши деле куруп койсо жарашмак,булардын мумкунчулугу жетет жетпесе берки уялчаак депутатты кошуп , экоону баш кылып калганын тош кылып .Бир жакадан баш,бир женден кол чыгарса болот да.Анан болсо колдон чыгарбаш керек деп кайра жинге тийишет. Инвестистторлор кандай келет, эмне деген оору алып келет элдерге ,улутка баштары ооруган да жок.
    • Салымбековго да пайдасы бар да .булардын ойлогон ойун коп жылдан кийин билесин .Бут чогулган алдамчылар Элин жерин саткан
  • Кой ээ Салымбеков кыйын болсо озу деле курбайбы кытайы жок эле.Акча деп журуп отуп кетишет го булар элди ойлогондор барбыыыы
  • Турарбек 5 лет назад
    Аскар айласы жок бийликтин созун суйлоп жатат антпесе бийлик бизнесин тартып алып койот анын устуно Хоргос ачылгандан бери дордойго да пайда мурункудай тушпой калды да ошондуктан бийлик тарапта
  • Понфилов 5 лет назад
    Кыргыз эли анын ичинен озгочо Ат-башы эли мал киндиктуу мал базары менен оокаттарын откозуп эле келатат,кудайга шугур,90-жылдарга салыштырмалуу элдин жашоо шарты кыйла онолгон,элдин койгойун окмот угуш керек,жалпы элдин чечими,таза чечим!