Бизнес үчүн төлөмдөрдү кабыл алууда башкалардын электрондук капчыктарын колдонууга тыюу салынат

18 сентябрь 2025 10:35 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Мамлекеттик салык кызматы ишкерлердин жеке жактарга же үчүнчү жактарга катталган электрондук капчыктарды, QR-төлөмдөрдү жана башка накталай эмес төлөм жолдорун колдонуусу мыйзам бузуу болуп саналаарын эскертет.

Бардык накталай эмес төлөм каражаттары сөзсүз түрдө алардын ишкердигинде колдонуп жаткан жеке ишкердин же юридикалык жактын атына катталышы керек.

Жеке жактардын же башка адамдардын атына, анын ичинде жакын туугандарына катталган электрондук капчыктарды пайдаланууга кескин түрдө тыюу салынат.

Жеке ишкер же юридикалык жак катары иш жүргүзгөн учурда электрондук капчык ошол жеке ишкерге же уюмга гана катталууга тийиш.

Накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн жеке жактарга же башка жактарга катталган электрондук капчыктарды колдонуу иш жүзүндөгү кирешелерди жашырууга, салык милдеттенмелерин төмөндөтүүгө жана ишти укуктук талаадан тышкары жүргүзүүгө алып келет.

Мындай аракеттер тең укуктуу атаандаштыкты бузат жана көмүскө экономиканын өсүүсүнө өбөлгө түзөт.

Салык кызматы жеке жактарга же үчүнчү жактарга катталган накталай эмес төлөм жолдорун колдонгон ишкердик субъекттерине мониторинг жүргүзүү боюнча системалуу иш жүргүзүп келет.

Талдоонун жыйынтыгында, көзөмөлгө алынган ишкерлердин басымдуу бөлүгү физикалык же башка адамдардын атына катталган капчыктарды, QR-коддорду жана башка накталай эмес төлөм каражаттарын колдонуп жатканы аныкталган.

1-мисал:

Жеке ишкер Асан Асанов өзүнүн атына жеке жак катары катталган электрондук капчыкты колдонот дейли. Мындай капчыкты ишкердикте пайдаланууга болбойт, анткени ал мыйзам талаптарына ылайык келбейт. Аны мыйзамдуу колдонуу үчүн капчык сөзсүз түрдө жеке ишкер Асан Асановдун атына катталган болушу керек.

2-мисал:

Ушул эле ишкер электрондук капчыкты башка адамдын — тууганынын, жеке же юридикалык жактын атына каттатып колдонууда. Бул ыкма да мыйзам бузуу болуп эсептелет жана ишкердикте колдонууга жол берилбейт.

Көрсөтүлгөн эреже бузуу үчүн төмөнкүдөй айып пулдар каралган:

  • жеке жактар үчүн – 20 000 (жыйырма миң) сом;
  • юридикалык жактар үчүн – 65 000 (алтымыш беш миң) сом.

Салык кызматы ишкердик субъекттерине төмөнкүлөрдү сунуштайт:

  • колдонуп жаткан электрондук капчыктардын жана башка накталай эмес төлөм каражаттарынын кимдин атына катталганын текшерүү;
  • зарыл болгон учурда аларды аларды тиешелүү жеке ишкерге же юридикалык жакка кайра каттатуу;
  • накталай эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө толук мыйзам талаптарына ылайык иш алып баруу.

Салык кызматы бардык ишкерлерди төлөмдөрдүн ачык-айкындуулугун камсыз кылууга жана мыйзамды так сактоого чакырат. Бул адилеттүү атаандаштыкты өнүктүрүүгө, ыңгайлуу ишкер чөйрөнү түзүүгө жана туруктуу экономикалык өсүшкө өбөлгө болот.


Ссылка: https://barometr.kg/biznes-chn-tlmdrd-kabyl-aluuda-bashkalardyn-elektronduk-kapchyktaryn-koldonuuga-tyyuu-salynat



Добавить комментарий