Ашпозчу үйлөнүү тойдо казанда кайнап жаткан шорпого түшүп кетип каза болду

1 июль 2021 15:12 5267 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 Иракта 25 жаштагы ашпозчу Исса Исмаил үйлөнүү тойго деп жасалып, тоок шорпосу бышып жаткан казанга түшүп кетип катуу күйүп каза тапты. Бул тууралуу Daily Star жазган маалыматка шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Трагедия 15-июнда болгон. Шорпо бышырып жаткан учурда жаш жигит кокустан тайгаланып кетип казанга кулап түшкөн жана денесинин 70 пайызы күйүктөн жабыркаган. Бир нече күндөн кийин алган жаракатынан улам көз жумду.

Исса Исмаил мындай чоң тойлорго тамак жасап иштешчү, 8 жылдан бери бул жаатта эмгектенип келе жаткан.  

Анын өлүмүнөн кийин жергиликтүү тургандарга ресторандар менен ашканаларда коопсуздук чараларын сактоо талабы катуу коюлуп жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/ashpozchu-jln-tojdo-kazanda-kajnap-zhatkan-shorpogo-tshp-ketip-kaza-boldu



Добавить комментарий