Асема Токтобекова: Жакшы, ыймандуу көрүнгөн адамдардан көбүрөөк сак болгула

5 июль 2021 13:51 5459 1 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Актриса, ырчы Асема Токтобекова социалдык баракчасы аркылуу айрым сын-пикир жазган колдонуучуларга кайрылды.

“Канчалаган бий видеолорумду кээ бир инфаркт болуп кете тургандардан өчүрүп келем, ошолорду ойлоп, жүрөктөрү токтоп калбасын деп. Бирок, ошол адамдарга таң каламын. Тирүү адамды өлүк эле кылып койгондоруна. Кантип жашоону шаңга бөлөп, күлүп жайнап, бийлеп, жыргап өткөзүшпөйт. Элестетип көрдүм бийлесе болбойт, сулуу болсо болбойт, көйнөк кийсе болбойт, сүрөткө түшсө болбойт, башканы караса, башка менен сүрөткө түшсө болбойт катуу каткырып койсо болбойт жана башка ушул сыяктуу «болбойт» деген нерселерге гана бай болгон адамдардай жашаган эмесмин, жашай да албайм. Мен «душа компании», «девочка праздник» дегендерге кирем да негизи. Ошондой болгонум менен жаман нерселерди жасабайм, эч кимге жамандыгым жок.Эч кимге кызыгуум да жок. Андан көрө силер бажырайып, ачык адамдардан эмес, жакшы, ыймандуу көрүнгөн адамдардан көбүрөөк сак болгула. Жаныңарда жүргөн болбосун”,-деген пикирин бөлүштү ырчы айым.

Актриса Асем Токтобекова 1986-жылы 25-июлда Бишкек шаарында төрөлгөн, 2008-жылы “Боз салкын” тасмасындагы мыкты ролу үчүн Баку шаарында өткөн “Восток-Запад” эл аралык кинофестивалында “Эң назик образ” байгесине ээ болгон. Учурда өмүрлүк жолдошу экөө үч баланы тарбиялап өстүрүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/asema-toktobekova-zhakshy-yjmanduu-krngn-adamdardan-kbrk-sak-bolgula



Добавить комментарий