Асема: "Мен силерге жардам берүүгө милдеттүү эмесмин"
Асема Токтобекова ырчылардын коронавирусту жеңүү үчүн кылган аракетине эмнеге кошулбай жатасыз деген күйөрманына жооп берди. Бул тууралуу ырчынын социалдык тармактагы бакракчасына таянып “Барометр” билдирет.
Ырчы, блогерлер учурда кычкылтек коцентраты жана жасалма дем алдыруучу аппараттар тартыш болуп, өлкө тургундары оор учурга кабылып жатканын көрүп ыкчам түрдө кайрымдуу элден, аттактуу инсандардан, ири ишканар менен бирдикте каражат чогултуп, керектүү аппараттарга буйрутма беришти. Биринин артынан бири келип, ырчылар бул тизмени кеңейтип, болгон аракетин кылып жатканын байкоого болот.
Социалдык тармак колдонуучулары буга баа беришип, бул инсандарды шыктанткан сөздөр менен колдоо көрсөтүүдө.
Ырчы, актриса Асема Токтобековага “Болгон ырчынын баары чуркап жүрүшөт. Сиз көрүнбөйсүз го. Анжелика айымга Датка наамын берсек да аздык кылат”, - деп пикир калтырган күйөрманы.
Бул комментарийге ырчы айым бир үй-бүлөдөн бир киши жардам берип жатканы жазды.
“Бергиле, башкасын да бергиле. Мен көрүнбөй жатсам. Сизге окшоп телефонду чатыма коюп, инстадагы пиарларды көрүп жаткан жерим жок. Өзүмдүн жеке үй-бүлөмдөгү түйшүгүм толтура. Мен – энемин! Эри бар аялмын. Сизге, башкасына караганда өзүмдүн бирге чыга элек уулумдун ден-соолугу маанилүү. Биздин үй-бүлөдөн жолдошум жүргөнү жетишет деп ойлоймун”, - деп жазган Асема.
Ошондой эле, ооруп жатканында ага жардамга эч ким келбегенин айтып өттү.
“И вообще мен силерге милдеттүү эмесмин. Ушундай догурунган нерселерди токтоткула, уят. Ошончо менин жардамымды көргүңүз келип жатса, мен сыркоолоп, бир дагы больница албай койгондо кайда элеңиз. Так что түшүндүңүз да. Түшүнбөй калган болсоңуз газга мээни жылытып иштетиңиз. Коронага мен чакыруу берген эмесмин. Мени айланып кете бериңиз. Претензияларды өйдө жакка айтып, мактооңузду пиарщиктерге жазыңыз”, - деп койшумчалады актриса.
Ссылка: https://barometr.kg/asema-men-silerge-zhardam-berg-mildett-emesmin
Добавить комментарий ×