Асема: Бүгүн тирүүлөй өлдүм, балдарым үчүн гана чыдаганга аргасызмын

23 сентябрь 2020 13:16 6511 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ырчы, актриса Асема жашоосундагы болуп өткөн окуядан сабак алып, көңүлү калып, сынып турганын жазды. Бул тууралуу анын соцтармактагы баракчасына калтырган маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

“Бүгүнкү күн, 22-сентябрь мен үчүн жашоомдун тарыхында калган эң жаман күн болду. Мойнума алам. Ооба, сындым. Көздөп жүргөн планыңыз, оюңуз ишке ашты. Мени сөз сындыра алат экенин билип жүргөндөйсүз бирок, ар бир сөзүңүз үчүн кудай алдында жооп бересиз деп ишенем. Өзүңүздү өзүңүз жакшы билесиз. Анткени сиз акчага сатылган аферистсиз. Бүгүн тирүүлөй өлдүм, буюрса эртеңки күнүм бардыр. Качан күлкүлөрүм жаңырат билбейм бирок, азыркы учурда эмес. Жылмайып, шайыр жүргөн адам көп ыйлайт деген сөздү көп угам. Жашоодо көп сыноодон өттүм бирок, бүгүнкү күн, чындыгында балдарым бар үчүн гана чыдаганга аргасызмын. Жылуу сөздөргө деле муктаж эмесмин, айонун кереги жок, жөн эле ушул пост менен сүрөт калсын деп чечтим. Сабак болсун мага. Жашоо менин жүрөгүмдү таш кылмай болду. Негатив үчүн кечирим сураймын”, -деген билдирүү калтырды Асема.

Ссылка: https://barometr.kg/asema-bugun-tirli-ldm-baldarym-chn-gana-chydaganga-argasyzmyn



Добавить комментарий