Асель Кадырбекова: Жеке жашоомдо олуттуу көйгөйлөр болуп жатат

1 март 2021 16:53 8725 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ырчы Асель Кадырбекова жакын арада чыгармачылыкка кайтарын айтып, жеке жашоосунда олттуу көйгөйлөр болуп жатканын жазды. Бул тууралуу ырчы кыздын соцтармактагы баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

“Сахнага, элдин алдына чыкканды сагындым. Бирок, дарыгерлер дагы жарым жыл убакыт керек экенин айтышууда.

Менин оюмча өзүм сүйгөн жумуш менен алектенсем, бат калыбыма келип, алаксып кетет болушум керек.

Бирок, эң башкысы азыр жеке жашоомдо олттуу көйгөйлөр болуп жатат. Кызым үчүн баарына чыдап, бул кыйынчылыктарды жеңүүгө аракет кылып келем. Мен ойлойм ушул менен эле жашоо бүтүп калбайт. Ушундай кыйын учурда айланаңдагы адамдардын ким экени билинип калат экен. Башыңа оор мүшкүл түшкөндө жакын адамыңдын жаныңда болуусун каалайт экенсиң. Бирок, ушунусуна да шүгүр.

Ошону менен катары эле, журналисттерге айта кетейин, эч жерге жеке жашоом тууралуу интервью бере албайм. Бул менин жеке жашоомдун жабык бөлүгү”, - деп жазды ырчы кыз.

Ссылка: https://barometr.kg/asel-kadyrbekova-zheke-zhashoomdo-oluttuu-kjgjlr-bolup-zhatat



Добавить комментарий