Асел Кадырбекова: Менин көчөмдө дагы майрам болот

23 июнь 2021 17:29 3726 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ырчы Асел Кадырбекова алдына максат коюш үчүн баардыгын ойлонуп чыгууга өзүнө бир апта убакыт бергенин билдирди. Бул тууралуу ырчынын социалдык баракчасына жазган маалыматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

“Баарын ойлонуп алдыга максат коюш үчүн өзүмө бир жума убакыт бердим. Үйдө отуруп алып өзүмдү аяганым жетишет деп ойлойм. Жашоо уланууда. Өзүмдү колго алып жана мындан ары карай кетиш керек! Кичинекей кадамдарды болсо дагы таштап, бирок максатка жетүү керек. Колдоону дагы, ыңгайлуу учурду дагы күтүүнүн кереги жок. Баардыгы жакшы болот. Баары убактылуу. Менин көчөмдө дагы майрам болот. Бул менин азыркы урааным. Жашоодо “жыгылдым”, бирок менин туруп кеткенге күчүм жетет.Өзүңүздөрдү баалаңыздар!”, - деп пикир калтырды ырчы айым.

Шоу-бизнестеги жылдыздуу түгөйлөр Нурлан Насип менен Асел Кадырбекова буга чейин эки айрылыш жолго түшкөнүн билдиришкен эле.

Ссылка: https://barometr.kg/asel-kadyrbekova-menin-kchmd-dagy-majram-bolot



Добавить комментарий