Асель Кадырбекова кош бойлуу! Самара Каримова куттуктады

10 декабрь 2018 11:26 4944 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Ырчы Асель Кадырбекованын кош бойлуу экени канчалык сыр сактаган менен ачыка чыкты окшойт.

"Аман эсен көз жарып ал" мындай каалоону Аселге сахналаш кесиптеши Самара Каримова өзүнүн инстаграм баракчасына ырчынын "Жылдын мыкты ырчы айымы" наамын алышы менен куттуктап жазган постуна кыстыра кетти.

Ооруну жашырсаң өлүм ашкерелейт болуп бул жолу Асель Кадырбекова курсагын жашырууга канча аракет кылган менен майнап чыкпай калды десек болчудай.

Акыркы жүктөгөн бардык сүрөттөрүнүн астында ырчынын күйөрмандары ага "аман эсен көз жарып ал", "бактылуу болгула" деген өңдүү калоо тилектерди жана "качан ачыктайсың", "курсагың билинип калыптырго", "кош бойлуу экениң чынбы?" деген суроолорду жазышууда.

Ал эми Самара Каримованын окурмандары: "өздөрү айтпагандан кийин сен деле сыр сактасаң болмок", "айтпай эле койбойт белең" жана башка ушул сыяктуу нааразы пикирлерин жазып калтырышууда.

Эске салсак, Асель Кадырбекова Нурлан Насип менен болгон мамилесин да көпкө чейин сыр сактап келген.

Ссылка: https://barometr.kg/asel-kadyrbekova-kosh-bojluu-samara-karimova-kuttuktady



Добавить комментарий