Асан ажы: «Чубак ажыны госпиталь кабыл албай койгон деген маалымат калп"

11 июль 2020 19:56 10830 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Чубак ажы Жалиловду Бишкектеги Улуттук госпиталь кабыл албай койгон деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматына таянып “Барометр” билдирет.

Дин аалымы Чубак ажы Жалилов ооруп жаткан учурда анын жанында жакын санаалаштары Асан ажы Сыргабаев менен Замир Абытов болгон. Асан ажынын айтуусунда, медицина кызматкерлери аалымдын өмүрүн сактап калууда болгон аракетин жумшаганын, тилекке каршы аалым эки тараптуу пневмонияга кабылып, каза болду.

“Чубак ажы Жалиловду оор абалда түнкү саат 12:00ге жакын Бишкектеги Улуттук госпиталдын нейрохирургия бөлүмүнө алып келдик. Ал жерде бөлүмдүн кызматкерлери күтүп турушкан экен. Кошумча дем алдыруучу аппарат менен жардам беришип, дароо реанимация бөлүмүнө алып кирип кетишкен. Ал жерде дин аалымынын өмүрүн сактоодо тийишттүү медициналык чаралар көрүлдү. Бул жерде дарыгерлер тарабынан күттүрүү болгон эмес. Медицина кызматкерлерине эч кандай нааразычычылыгыбыз жана дооматыбыз жок. Атайын палата дагы даярдалыптыр. Дин аалымы ажалынан каза болгон соң дарыгерлер анын өмүрүн сактап кала алышкан эмес”, - деди Асан ажы Сыргабаев.

Буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлиги тараткан маалыматта Чубак ажы Жалилов 10-июлда түнкү саат 12 чамасында ооруканага оор абалда келген. Ага эки тараптуу пневмониянын оор түрү, кант диабети деген диагноз коюлган. Дарыгерлердин бардык аракетине карабай бейтап 11-июлда түнү саат үчтөрдө көз жумган.

Учурда маркум Чубак ажы Жалиловду жерге узатуу зыйнаты кичи мекени Базар-Коргон районунун Бай-Мундуз айылында өтүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/asan-azhy-chubak-azhyny-gospital-kabyl-albaj-kojgon-degen-maalymat-kalp



Добавить комментарий