Кеминде 5 күндөн бери изделип жаткан келиндин жансыз денеси табылды
Чүй облусунун Кемин районунда мал издеп кеткен бойдон 22-февралдан бери дайынсыз деп изделип жаткан келиндин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Маалыматка ылайык, Жел-Арык жайлоосун издөө учурунда алгач келиндин бут кийимдери табылып, андан кийин аялдын жансыз денеси 26-февралда табылган. Ал жайлоодон кайтып келе жатып, тоңуп калган. Келин коюу тумандан улам адашып, жол таппай калган.
«Учурда аялдын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн бардык керектүү экспертизалар дайындалды. Тергөөнүн алдын ала версиясы боюнча келин катуу тоңуп калгандыктан, кулап кетип, эс-учун жоготкон. Сотко чейинки процесстер уланууда», - деп билдирди милициядан.
Жаш келиндин артында 1, 3 жана 6 жашар үч баласы калды.
Эске сала кетсек, 22-февралда Кемин районунун Терек-Жайлоо айыл өкмөтүнүн участкасында 1989-жылы туулган жергиликтүү тургун Д.Н., жайыттан мал айдап келүү үчүн үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан.
Добавить комментарий ×