Артын карабай качышты.Таксист өзүн тономок болгон үч жигитти коркутту

30 июль 2021 09:16 1599 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкекте таксистти тоноого шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Чүй областынын ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” билдирет.

Окуя 27-июлда кечинде болгон. Ошол күнү Ош базарынын жанынан таксистке кардардар отуруп, ГЭС-2 айылына жеткирип коюну сурашкан.

Аталган жерге жеткенден кийин жүргүнчүлөр айдоочуга кол салышкан, бирөө кармап муунтуп, экинчиси унаанын ачкычы менен телефонду тартып алган. Бирок таксист алардын колунан бошонуп чыгып өзүнүн бычагын суурап алып, коркуткан.

Тоноочулар качып кетишкен. Жабырлануучу бул тууралуу милицияга билдирген.

Чүй областынын ички иштер башкы башкармалыгынын жана Аламүдүн райондк ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери шектүүлөрдү кармады. Алар 1997-жылы туулган Б. Н.,1992-жылы туулган А. А., 2002-жылы туулган Ш. Ж. болуп чыкты.

Кармалгандар камакка алынды, башка буга окшогон кылмыштарга тиешеси бар экени такталууда.

 

Ссылка: https://barometr.kg/artyn-karabaj-kachyshtytaksist-zn-tonomok-bolgon-ch-zhigitti-korkuttu



Добавить комментарий