Осмонбек Артыкбаевдин атынан Токтогул районунун тургундарына 45 тонна ун жана дары-дармек берилди

3 апрель 2020 14:53 5425 Barometr
Бөлүшүү:
ok

«АК фонд» Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаевдин атынан Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун тургундарына 45 тонна ун берди. Бул тууралуу райондун акими Таалай Жайылов билдирди.

«Артыкбаев район элине биринчи жолу эле жардам берип жаткан жок. Азыр өлкө үчүн оор болуп турган учурда дагы ал жардам кылып 45 тонна ун берди. Аны аз камсыз болгондорго тараттык», — деди ал.

Анын айтымында, 2-3-апрелде муктаж үй-бүлөлөргө ун берилди. Жардамга муктаждардын тизмесин жергиликтүү бийлик түздү.

Андан сырткары «Неман-Фарм» компаниясы райондун аймактык ооруканасына гуманитардык жардам берди. Атап айтканда компания жалпы баасы 460 миң сом болгон медициналык жабдууларды Токтогул аймактык ооруканасына, Кара-Көл жалпы тажрыйбалык дарыгерлер борборуна, Таш-Көмүр ооруканасына, Токтогулдагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна, Үч-керек менен Өзгөрүш жалпы тажрыйбалык дарыгерлер борборуна берди.


«Неман-Фарм» компаниясы блокпосттордо турган Токтогул районунун дарыгерлерине жеке коргоочу каражаттарды – атайын кийчү комбинезон жана көз айнектерди тапшырды.

Ошондой эле, «Неман-Фарм» коронавирус биринчилерден болуп аныкталган Сузак районунун аймактык ооруканасына 363 миң сомдук дары-дармектерди берди.

Жалпысынан 2,5 миллион сомдук жардам көрсөтүлдү.

Ссылка: https://barometr.kg/artykbaevdin-fondu-toktogul-rajonunun-turgundaryna-45-tonna-un-berdi



Добавить комментарий