Армения Азербайжанга Тоолу Карабахты өткөрүп бермей болду. Буга нааразы болгон эл митинге чыкты
Армения, Азербайжан жана Россиянын президенттери Тоолуу Карабахта согуш аяктаганын жарыялашты. Ереван Бакуга бир нече районду, ошондой эле таанылбаган республика Тоолу Карабахтын бир бөлүгүнө өткөрүп берүүгө макул болду. Мындай билдирүүдөн кийин Армениянын борборунда нааразычылык акциялары жана баш аламандыктар башталды. Бул тууралуу “РБК” сайты жазып чыккан маалыматка таянып "Барометр" которду.
Армения, Азербайжан жана Россия Тоолуу Карабахта тынчтык орнотуу жөнүндө келишимге кол коюшту. Анда, Россиянын тынчтык күчтөрүн киргизүү жана Тоолуу Карабах аймагынын Шуши шаарын кошо алганда бир бөлүгүн Азербайжанга өткөрүп берүү каралган.
Азербайжандын президенти Ильхам Алиев түн ичинде элге кайрылуу жасады. Анын айтымында, эки өлкөгө Түркиянын жана Орусиянын тынчтыкты орнотуу күчтөрү киргизилерин жарыялаган.
Мындай келишимге кол коюу Арменияда нааразычылыктарды жаратты. Тынчтык келишимине каршы чыккандар өкмөттүн имаратын басып алышты Армения парламентинин спикери нааразычылык учурунда сабалган.
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян түз эфирге чыгып, келишимге кол коюудан башка башка жол жок экендигин билдирди. Ал Еревандагы башаламандыктын катышуучуларын жоопко тартууга убада берди.
Кийинчерээк, Никол Пашинян фейсбукка пост жазды. "Мен баарыбыз үчүн өтө оор чечим кабыл алдым, Тоолуу Карабахта согуш аракеттерин токтотуу боюнча биргелешкен билдирүүгө кол койдум", - деп жазган ал.
Бул кабарды билдирүү жеке өзү жана Армения эли үчүн "укмуштуудай оор" экендигин кошумчалады.
«Мен бул чечимди аскердик кырдаалды терең талдоонун натыйжасында кабыл алдым. Бул азыркы кырдаалда эң туура чечим болду. Бул биздин улуттук биримдигибиздин башталышы, кайра жаралуу доору болушу керек. Келечекти пландаштыруу жана өткөн каталарды кайталабоо үчүн Армениянын эгемендүүлүк алган жылдарына талдоо жүргүзүшүбүз керек. Мен өз өмүрүн курмандыкка чалып, мекенин коргогон бардык жоокерлерибиздин алдында таазим кылам. Биз акырына чейин күрөштүк. А биз жеңебиз ", - деп жазган Пашинян.
Премьер-министрден кийин билдирүүнү Тоолуу Карабахтын президенти Арайик Арутюнян жарыялады.
«Бүгүн биз Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен согуш аракеттерин токтотууга багытталган иш-аракеттерибизди талкууладык. Мен Артсахтын Улуттук Ассамблеясы менен алдын-ала сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, депутаттардын басымдуу көпчүлүгүнүн макулдугун алдым. Учурдагы коркунучтуу кырдаалды эске алып, мындан ары оор жоготууларга жана Артсахты толугу менен жоготуп албаш үчүн, мен согушту бир саат эрте бүтүрүүгө макул болдум ”, - деди ал.
Макулдашуунун тексти жана Пашиняндын сөздөрү Ереванда нааразычылыкты пайда кылды. Өкмөттүн имаратынын жанындагы борбордук аянтына бир нече жүз демонстранттар чогулуп, Тоолуу Карабахта согуш аракеттерин токтотуу боюнча келишимге кол коюлганына нааразы болушту. Митингге чыккандар “биз андан баш тартпайбыз” деп кыйкырып турушту. Жергиликтүү убакыт боюнча түнкү саат 2:30 чамасында бир топ жарандар терезелерди талкалап, өкмөттүн имаратына кирип келип, жыйындар бөлмөсүн талкалап кетишти.
Добавить комментарий ×