Аритмиянын пайда болуу себептери
Аритмия-жүрөктүн согушунун бузулуу режими. Жүрөктүн туура согуу аритмиясы 50дөн жүзгө чейин барабар. Ага карабай биздин жүрөгүбүз ар кандай стресске, эмоционалдык жана физикалык кыймылдоолорго жараша ар кандай болуп өзгөрүп турат. Бул тууралуу адистердин сунуштарына таянып "Барометр" билдирет.
Аритмиянын кандай түрлөрү бар?
Негизинен жүрөктүн аритмиясы экиге бөлүнөт. Ал тахикардия (жүрөктүн бат-баттан согушу) жана брадиаритмия (мында жүрөк жайлап согуп калат) болуп. Мисалга, тахикардияда жүрөк мүнөтүнө 110 жолу согуп калат. Ал эми брадиаритмияда тетирисинче жүрөк мүнөтүнө 40 жолу согот.
Эгерде сиз өзүңүздөн ушундай көрүнүштөрдү байкасаңыз, дароо кардиологго кайрылыңыз. Мындай учурда ал сизге жүрөктүн согуу ритмин текшерүүчү бир күндүк апаратты коюп, дарттын себебин аныктоого жардам берет.
Аритмиянын пайда болушунун себептери
Туура эмес дарыларды ичүү, тубаса, стресс жана гормоналдык статустун өзгөрүүсү. Ошондой эле, туура эмес тамактануу, физикалык активдүүлүктүн аздыгы жана зыяндуу адаттар себеп болот.
Туура өз убагында уктоо, тамактануу жана спорт менен машыгуу жүрөктүн согушун бир калыпта кармап турууга жардам берет.
Ансызда биздин кичинекей жүрөгүбүз өтө чоң кызматты аткарып келет.
Ссылка: https://barometr.kg/aritmiyanyn-pajda-boluu-sebepteri
Добавить комментарий ×