«АРДИ» майып балдардын ата-энелеринин коомдук бирикмесине, муфтият жардам берди (Сүрөт)

24 август 2020 12:00 1039 Barometr
Бөлүшүү:
ok

«АРДИ» майып балдардын ата-энелеринин коомдук бирикмесине, муфтият жардам көргөздү. Бул тууралуу дин башкармалыгынын басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Кыргызстан мусулмандарынын азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин демилгеси менен  «АРДИ» майып балдардын ата-энелеринин коомдук бирикмесине, Бишкек шаардык улгайган жана ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн жалпы типтеги социалдык стационардык мекемесине (карылар үйү) жана муктаж үй-бүлөлөргө 1 тонна ун тапшырылды. Саамалыкка КМДБнын өкүлү Султан ажы Момунов катышып, кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы мындан ары дагы бул мекемелер менен кызматташуусун уланта бере тургандыгын билдирди. 

Ссылка: https://barometr.kg/ardi-majyp-baldardyn-ata-enelerinin-koomduk-birikmesine-muftiyat-zhardam-berdi-srt



Добавить комментарий