«АРДИ» майып балдардын ата-энелеринин коомдук бирикмесине, муфтият жардам берди (Сүрөт)
Поделиться в:
«АРДИ» майып балдардын ата-энелеринин коомдук бирикмесине, муфтият жардам көргөздү. Бул тууралуу дин башкармалыгынын басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Кыргызстан мусулмандарынын азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин демилгеси менен «АРДИ» майып балдардын ата-энелеринин коомдук бирикмесине, Бишкек шаардык улгайган жана ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн жалпы типтеги социалдык стационардык мекемесине (карылар үйү) жана муктаж үй-бүлөлөргө 1 тонна ун тапшырылды. Саамалыкка КМДБнын өкүлү Султан ажы Момунов катышып, кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы мындан ары дагы бул мекемелер менен кызматташуусун уланта бере тургандыгын билдирди.
Добавить комментарий ×