«Арча-Бешик» конушунда эркек киши иске ууланып каза тапты
Бөлүшүү:
Бишкек шаарындагы «Арча-Бешик» конушунда болгон өрттө иске ууланып калган эркек киши каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматына таянуу менен “Барометр” маалымдайт.
“Өрт Күйүков көчөсүндөгү менчик үйдө болгон.30 жаштагы үйдүн кожоюну иске ууланып калган. Жабыркаган жаранды куткаруучулар тез жардам кызматына өткөрүп беришкен, ооруканага бара жаткан жолдо ал каза тапты”,-деп кабарлашты ӨКМдан.
Өрттөн турак үйдүн балдар уктоочу бөлмөсү, шифер жабуусу, үй буюмдары күйгөн. Тилсиз жоонун себептери такталып жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/archa-beshik-konushunda-erkek-kishi-iske-uulanyp-kaza-tapty
Добавить комментарий ×