Төрага Дастан Жумабеков Арабиянын Федералдык улуттук кеңешинин башчысы менен жолукту

19 февраль 2020 18:30 621 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган Жогорку Кеңештин делегациясы Бириккен Араб Эмираттарына жасаган расмий иш сапарынын алкагында аталган мамлекеттин Федералдык улуттук кеңешинин Төрагасы Сакр Гобаш жана эки өлкөнүн кызматташтыгы боюнча түзүлгөн депутаттык достук топторунун мүчөлөрү менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди. 

Жолугушууда мамлекеттер аралык саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды арттыруу маселелери талкууланып, мындан кийинки алакалар тууралуу сөз болду. 

Ошондой эле кыргыз делегациясынын Бириккен Араб Эмираттарына жасаган алгачкы расмий иш сапары, парламенттер аралык кызматташтыктын жаңы барагын ачып, мамилелердин өнүгүшүнө өбөлгө болору белгиленди.

Жумабеков Сакр Гобашты Федералдык улуттук кеңештин Төрагасы болуп шайланышы менен куттуктады.

“Кыргызстан Бириккен Араб Эмираттары менен экономика, айыл чарба, туризм өңдүү ар кыл тармактар боюнча алакаларды арттырууга кызыкдар. Ага ылайык акыркы жылдары жогорку деңгээлдеги иш сапарлар уюштурулуп, маанилүү жолугушуулар өтүүдө. Эми биз биргелешкен аракеттин арты менен соода байланыштарын жакшыртып, эки мамлекеттин экономикалык кызматташтыгын кеңейтүүбүз кажет”, – деди төрага.

Ошондой эле, быйыл октябрь айында Бириккен Араб Эмираттарында болуучу “ЭКСПО-2020” иш-чарасын ийгиликтүү өткөрүп алууну каалаган Төрага, инвестициялык багытта да өнөктөштүктү өөрчүтүү зарылчылыгы тууралуу сөз кылды.

Өз кезегинде Бириккен Араб Эмираттарынын Федералдык улуттук кеңешинин Төрагасы Сакр Гобаш парламенттер аралык кызматташтыкты депутаттык достук топторунун деңгээлинде да өнүктүрүү керектигин белгилеп: “Кыргызстан менен бардык багыттагы алакаланы арттырууну, анын ичинен туризм жаатындагы байланышты алдыга жылдырууну көздөйбүз. Эки мамлекеттин достук мамилесин кеңейтүүчү мүмкүнчүлүктөр өтө арбын”, – деди.

Белгилей кетсек, Бириккен Араб Эмираттарынын Федералдык улуттук кеңешинин Төрагасы Сакр Гобаштын чакыруусу менен уюштурулган расмий иш сапардагы делегациянын курамында төраганын орун басары Мирлан Бакиров, депутаттар Айбек Алтынбеков, Өмүрбек Бакиров, Акылбек Жапаров, Канатбек Исаев жана Абдимуктар Маматов бар. 

Ошондой эле делегацияны тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев, экономика министринин орун басары Султан Ахматов, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Амангелди Исаев коштоп жүрөт

Ссылка: https://barometr.kg/arabiyanyn-federaldyk-uluttuk-keeshinin-tragasy-sakr-gobash-menen-traga-zholuktu



Добавить комментарий