Ар бир үй газга кошулат. Бишкектин бир нече жаңы конуштарына газ киргизилип жатат

17 июль 2023 10:25 906 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкектин Октябрь районундагы Төкөлдөш конушу жаратылыш газына кошулууда. Бул тууралуу мэриянын маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Бүгүнкү күндө,  Октябрь району боюнча Төкөлдөш, Көк-Жар, Кара-Жыгач, Алтын-Ордо жана Рухий-Мурас конуштарындагы 7 808 турак жайдын ичинен 4 363 турак жай жаратылыш газына кошулуду, бул  56%ды түздү.

“Белгилей кетсек, акимчиликтин кызматкерлери  №6 МАБ,  кварталдык комитеттер менен биргеликте жер-жерлерде курулуш-монтаждоо иштеринин баалары жана газ бөлүштүрүүчү тармактарга кошулуу боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Урматтуу шаар тургундары, абанын булганышын кыйла азайтуу максатында жылуулуктун альтернативдик түрүнө өтүүнү сунуштайбыз”, -деп айтылат маалыматта. 




Ссылка: https://barometr.kg/ar-bir-j-gazga-koshulat-bishkektin-bir-neche-zhay-konushtaryna-gaz-kirgizilip-zhatat



Добавить комментарий