Апта сайын $ 90 миң табышкан. Бишкекте вебкам-студияларды уюштургандар кармалды

5 август 2021 14:08 1542 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Вебкам-студияларды уюштуруп жана кылмыш кирешелерин мыйзамдаштырган кылмыштуу  топтун ишмердигине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.

Атайын кызматтын версиясына ылайык, Кыргызстандын жана КМШнын бир нече жараны Бишкекте 15тен ашык вебкам-студия уюштурушкан.Алар кыздарга интернет аркылуу интим-онлайн кызматы үчүн ири өлчөмдө айлык төлөп беребиз деп убада кылышкан

“Бир эле студиянын жума сайын тапкан көмүскө кирешеси 90-100 миң доллар болсо, анын 5-10 пайызын гана аталган кызматтын жумушчулары алган”,-деп айтылат маалыматта.

3-августта апта сайын бериле турган айлыкты таратып жатканда кылмыштуу топтун негизги уюштуруучулары кармалды. Алар жашаган жайлар менен ижарага алынган квартиралардан 27 миң доллар, компьютер жабдуулары жана онлайн-режимде интимдик тейлөө көрсөтө турган буюмдар табылды.

Негизги уюштуруучу болгон П.И. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды.

 Тергөө башталды.

Ссылка: https://barometr.kg/apta-sajyn-90-100-mi-dollar-tabyshkanbishkekte-vebkam-studiyalardy-uyushturgandar-karmady



Добавить комментарий