Апасы экөө бүлдүркөн тергени барып сууга агып кеткен 10 жашар баланын сөөгү табылды

25 июль 2022 09:28 2375 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Апасы менен бүлдүркөн терип жүрүп, сууга агып кеткен 10 жаштагы баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Такталган маалымат боюнча, Токтогул  районунун Бишкек – Ош унаа жолунун  Итагар тилкесинде Чычкан суусунан 1 чакырым жогору жайгашкан Данги суусунун боюнда апасы менен бүлдүркөн терип жүргөн  10 жаштагы бала сууга агып кеткен.

"А.Б. аттуу бала Камбар -Ата кичи шаарчасынын тургуну.

Издөө куткаруу иштерин жүргүзүү максатында №97 ӨККБдан жалпысынан 7 куткаруучу тартылып, саат 18:40та баланын сөөгүн таап, туугандарына өткөрүп беришкен", -деп айтылат маалыматта.



Ссылка: https://barometr.kg/apasy-ek-bldrkn-tergeni-baryp-sukga-agyp-ketken-10-zhashar-balanyn-sg-tabyldy



Добавить комментарий