Анжеликанын дагы бири ыры чырга түшүп, ырчы ден соолугу начарлап тез жардам чакыртты
Ырчы Анжелика Кайратованын алгачкы чыгармаларынын бири “Жашоо керемет” ырынын автору Марат Алыбаевдин кызы ырчыдан 20 000 доллар сурап жатат. Бул тууралуу ырчы кыздын инстаграмм баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
“Ырлардын чыры бүтпөдү. “Жашоо керемет” ырды эми такыр аткарбайм. Бир ырдан баш тартып, тапкан акчамды Аллах ыраазычылыгы үчүн муктаждарга бергеним оң.
Мен анда беш жашта элем. Чубак Сатаев, Марат Алыбаев агаларыбызды үйдөгү отуруштарда, тойдордо көрүп жүрчүбүз. Ата-энелерибиз ырларын сүйүп ырдаганда биз дагы жаттап калчубуз. Анда бүгүнкүдөй закондор жок эле. Каалагандар автордун атын айтып ырдашчу, алар өз каалоолору менен белек кылып жазып берип, батасын берчү.
Албетте, мен КР мыйзамдарына баш ийем. Бирок, бардык нерсе чеги менен болуш керек. 1995-жылдан бери аткарып келе жаткан ырды аткаруума тыюу салышты.
Атасынын ырларын патенттен өткөрүп алган Марат Алыбаев агабыздын кызы аткарууга уруксат берүүгө $20 000, андан соң $3 000талап кылды.
Кеп акчада эмес, кеп адамдын ач көздүгүндөбү деп жаман болуп жатам. Жүрөгүм сыгылып, денем чымырап, моюнум буулуп, шагым сынып жатат.
Ушундай алыска качып кетким келип жатат. Менин аудиом жазылып жатат, интернетке таратам деп, талдуу жериме тийди. Алдын ала бул маалыматты кыскартылып чыгарууну чечтим” - деп жазды ырчы айым.
Кийинчерек ырчы кыз ден соолугу начарлап, Жалал-Абад шаарындагы мейманканалардын бирине тез жардам чакыртып, дарыгерлердин асма уколунан кийин өзүнө келгенин маалымдады.
Эскерте кетсек, буга чейин Анжеликанын аткаруусундагы "Махабат көлү" деген ыры да талашка түшүп, устаты Айчүрөк Иманалиева экөө бир топ кайым айтышып жүргөн.
Добавить комментарий ×