Анжеликага белгилүү түрк ашпозчусу Бурак Оздемир аты жазылган нан тартуулады

30 сентябрь 2020 11:59 1276 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Белгилүү ырчы Анжелика Түркиянын атактуу ашпозчусу Бурак Оздемир менен жолукту. Бул тууралуу ырчы өзүнүн соцтармактагы баракчасына калтырган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

“Кудайым ар бир адамга шык берет. Аны өстүрүп, өнүктүрүүгө күндө аракет жасаш керек. Ашпозчулугу жана кайрымдуулугу менен дүйнө жүзүнө белгилүү инсанды ким тааныды? Кыргызстанга ысык саламын жолдоп, кара зире менен атым жазылган нан берди”,- деп билдирүү калтырган ырчы айым.

Стамбулдук 26 жаштагы ашпозчу Бурак Оздемир өзүнүн чын жүрөктөн чыккан боорукер жылмайуусу жана укмуштай даамдуу жасаган тамактары менен бүткүл дүйнөгө белгилүү болгон.

Бурак Оздемир кулинардык шедеврлерин өзүнүн социалдык тармактагы YouTube жана Instagram баракчаларында жарыялайт. Катардагы ашпозчудан ал кулинардык чеберчиликтин чыныгы адисине гана эмес, социалдык тармактардын жылдызына айланган. Ашпозчунун Инстаграмдагы блогунда 12 миллион адам жазылган.

Эске сала кетсек, ырчы Анжелика богок бездери көбөйүп кеткендиктен дарылануу үчүн Түркияга учуп кеткен.




Ссылка: https://barometr.kg/anzhelikaga-belgil-trk-ashpozchusu-burak-ozdemir-aty-zhazylgan-nan-tartuulady



Добавить комментарий