Анжеликага Асема чалып “Итсиң, акмаксың” деп кыйкырып жатат (Видео)
Ырчы Анжелика ырчы, актриса Асема Токтобекова ага чалып алып “Итсиң, акмаксың” деп жатканын айтат.
«Күйөөсү жоктор элге даттанат. Мен элиме эле айта аламын. Ушул Асема деген кыз кечке мага чалып, “Итсиң, акмаксың” деп кыйкырып-өкүрүп, телефонду коюп салып жатат. Мен айттым, кел жолугалы, сүйлөшөлү деп. Бирок, ортодо улуу адамдар болушу керек. Бизге “Кой кыздар урушпагыла” деп жаткан улуу ырчы эжелерден суранат элем. Асема экөөбүздүн сүйлөшкөн сөздөрүбүзгө күбө болуп, чекит коюп берип бербесеңиздер болбойт. Мен буга чейин эле аны менен сүйлөшүүгө аракет кылгам. Бирок бир, бир жарым ай өткөндөн кийин кайра башталат. Мен такыр түшүнбөйм, мага 3 пост арнаптырсың, сага рахмат”,- деп айтат Анжелика.
Эске салсак, ырчылар Анжелика жана Асема социалдык тармакта жазылган күйөрмандын сөзүнөн улам урушуп кетишкен.
“Болгон ырчынын баары чуркап жүрүшөт. Сиз көрүнбөйсүз го. Анжелика айымга “Датка” наамын берсек да аздык кылат”, - деп жазган күйөрмандын сөздөрү себепкер болгон.
Ага карата Асема “Мен силерге жардам берүүгө милдеттүү эмесмин. Мен эри бар аялмын”, - деп айткан.
Жооп иретинде Анжелика «Сен буга чейин эле акылсыздыгыңды далилдеп келгенсиң. Эрим жок эшек такалап жүргөн жокмун!», - деп жазган.
Ссылка: https://barometr.kg/anzhelikaga-asema-chalyp-itsi-akmaksy-dep-kyjkyryp-zhatat-video
Добавить комментарий ×