Анжелика жана Асеманын чыры. «Сен буга чейин эле акылсыздыгыңды далилдеп келгенсиң"

6 июль 2020 17:52 4357 1 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ырчылар Анжелика Кайратова жана Асема Токтобекова социалдык тармакта айтыша кетишти. Бул тууралуу аткаруучулардын интернеттеги баракчасына шилтеме берип «Барометр» билдирет.

Окуя ырчы Анжелика өлкөдөгү оор кырдаалга кол кабыш кылып, өзү теңдүү ырчылар, блогер, жеке ишкер жана кайрымдуу адамдар менен бирге жасалма дем алдыруучу аппаратка жана кычкылтек концентратына каражат чогултуусунан улам башталган.

Ырчы, актриса Асема Токтобековага “Болгон ырчынын баары чуркап жүрүшөт. Сиз көрүнбөйсүз го. Анжелика айымга Датка наамын берсек да аздык кылат”, - деп пикир калтырган күйөрманы.

Ага карата Асема төмөндөгүчө жооп берген:

“Бергиле, башкасын да бергиле. Мен көрүнбөй жатсам. Сизге окшоп телефонду чатыма коюп, инстадагы пиарларды көрүп жаткан жерим жок. Өзүмдүн жеке үй-бүлөмдөгү түйшүгүм толтура. Мен – энемин! Эри бар аялмын. Сизге, башкасына караганда өзүмдүн бирге чыга элек уулумдун ден-соолугу маанилүү. Биздин үй-бүлөдөн жолдошум жүргөнү жетишет деп ойлоймун. Мен силерге милдеттүү эмесмин. Ушундай догурунган нерселерди токтоткула, уят”, - деп жазган ал.

Бул жаңылыкты социалдык тармактан көрүп Анжелика ага жоок иретинде:

«Сен буга чейин эле акылсыздыгыңды далилдеп келгенсиң. Эрим жок эшек такалап жүргөн жокмун!», - деп жазган ал.

Асема жеке баракчасы аркылуу Анжелика жооп берди:

«Бул Анжелика деген сиңдиме катуу тийген экен сайттын жазганы. Эмне дейм эми, акылдуу эле айымго дечү элем. Оштун аэропортунан апасы менен учакта баратып, үйүндөгү жаман нерселерди айтып берсе, аябай кабатырландым эле, капельницадан кийин акыбалы жаман болуп атканынан, бул сиңдим менен жакын тааныш болбосом да жакшы сөздөрүмдөн аябай апасына колдоо көрсөткөнмүн. Негизи кызыгуум да жок бул үй-бүлөгө. Сенсиреп эле жазганынан билсе болот экен тарбиясын. Элге зыяны тийбеген соң бирок, мага жеке кайрылыптыр. Эрим бар деген сөз калп эмес, анча-мынча сенин жалган сөздөрүңө караганда”, - деп жазган Асема.

Ага Анжелика видео тасмасы аркылуу Асемага кайрылып адамдарды бөлбөөгө, кыздарынын атасы бар экенине, бактылуу жашап жатканын белгиледи:

Мындай кайым айтышууну ырчылардын сахналаштары токтотууну чакырды.

«Кыздар урушпагыла. Экөң тең жакшы кыздарсынар. Чалышып өз алдынча чечишип алгыла. Мындай кырдаал болуп жатканда ынтымактуу болушубуз керек”, - деп жазган Бактыгүл Бадыева.

«Койгула кыздар уят болот! Бири-бириңердин кемчиликти, капачылыкты айтышып алганга, жолугушуп сүйлөшкөнгө шартынар бар да. Элге эмнеге саласынар! Экөөн тен МЫКТЫСЫНАР, балдарга энесиңен! Садага болоюндарым акылыңарга ээ болгула”, - деп жазган Гүлнара Калдарова.

Ссылка: https://barometr.kg/anzhelika-zhana-asemanyn-chyry-sen-buga-chejin-ele-akylsyzdygydy-dalildep-kelgensi



Добавить комментарий