Анжелика Сыдымандын сотуна катышканы барды

8 июнь 2020 13:37 1135 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ырчы,  Анжелика Кайратовна соттолуп жаткан Блогер Элмир Сыдымановдун сотуна катышканы барды. Бул тууралу ал өздүк баракчасына блогерди колдоо иретинде калтырган постунда билдирген.

“Эмнегедир ушул жигит үч күндөн бери оюмдан, түшүмдөн кетпей жатат. Азыр таанышканы үйүнө бара жатам. Көп жолу туура эмес сүйлөгөнүнө кейип, жүрүш-турушун өзгөртөөрүнө сөз берип жатат” – деп жазган ырчы.

Андан сырткары Сыдыман лакап аты менен белгилүу болгон блогер 4 айдын ичинде элге кызмат кылуу тууралуу кайрымдуулук долбоорлорду жазып жатканын кошумчалады.

Эскерте кетсек, бүгүн Блогер Сыдымандын соту жабык эшик артында өттү. Берилген видео экспертизага өткөнүнө байланыштуу сот токтотулуп, кайсы күнгө белгиленгени белгисиз бойдон калды. Ал эми Элмир Сыдыманов үй камагына калтырылды.


Ссылка: https://barometr.kg/anzhelika-sydymandyn-sotuna-katyshkany-bardy



Добавить комментарий