Видео. Анжелика менен казак кино-жылдызы Айбек Жансеитов Дубайда чогуу эс алыштыбы?
Кыргызстандык эстрада жылдызы Анжелика Кайратова Дубайдан Кыргызстанга кайтаарын социалдык тармактан билдирди.
"Көңүлдүү эс алгыла! Эми Дубайга казак-кыргыз элинин достугун көрсөткөн, көп элди чогулткан концертке келели. А мен Бишкегиме жөнөдүм. Эртең «Бактылуу айым» долбоорумдун тасмага тартуу иштери бар. Оор турмушту башынан өткөрүп жаткан дагы бир айымга бактылуу көз ирмем тартуулайм, буюрса.
Элиме талыкпай эмгек кыла берейин. Көрүшкөнчө!!!", - деп жазды Анжелика. Ал ошондой эле соцтармактагы баракчасына казактын белгилүү актёру Айбек Жансеитов менен чогуу Дубайда түшкөн видеосун жүктөдү.
Ал видеодо Анжелика менен Жансеитов кыргыз-казак бир тууган экенин белгилешип, бири-бирине жагымдуу мактоолорду арнашты.
Ошол эле учурда Жансеитов өзүнүн Инстраграмдагы баракчасына бассейнде уулдары менен эс алып жаткан видеосун да жүктөгөн.
Ссылка: https://barometr.kg/anzhelika-menen-kazak-kino-zhyldyzy-ajbek-zhanseitov-dubajda-choguu-es-alyshtyby
Добавить комментарий ×