Анжелика Кайратова кызы экөө операция жасатууга Стамбулга жөнөп жатышат

6 июль 2021 13:41 4848 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ырчы Анжелика Кайратова Түркияга операция жасатууга бара турганын социалдык баракчасы аркылуу билдиргенин "Барометр" маалымдайт.

“Өлүмдөн башкасынын баарына туруктуулук бере алабыз.Алыбызга жараша сыноо жана мүмкүнчүлүктөр болот экен. Стамбулга Айлин экөөбүз жөнөдүк. Операцияларыбыз ийгиликтүү өтүп кетсе эле, биринчи ирет кырсык болгон жерге барып кан чыгарып, куран окутуп, жол эрежелерин орнотобуз. Ал каргашалуу жерде бизге чейин кандай авариялар болсо, бизден кийин деле абдан көп кырсыктар болуп келүүдө”,-деп жазды ырчы жеке баракчасына.

Эскерте кетсек, ырчы быйылкы жылдын 23-январында кыздары менен Ысык-Көлдөн келе жатканда жол кырсыгына кабылган.

Ссылка: https://barometr.kg/anzhelika-kajratova-kyzy-ek-operaciya-zhasatuuga-stambulga-zhnp-zhatyshat



Добавить комментарий