Анжелика Кайратова: "Бакыт каалагандарга рахмат. Курбуларым тоюма көйнөк тандап башташыптыр"

2 апрель 2019 10:33 19529 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Кечээ, 1-апрель күнү ырчы Анжелика Кайратова кимдир бирөө колун сураган сүрөттөрдү жүктөп көпчүлүктү ойго салган. Ырчы бүгүн сүрөттүн баары калп экенин жана ал 1-апрель “күлкү күнүнө” карата тамаша болгонун айтып чыкты.

Кайратова бул тууралуу:

“Бакыт каалагандарга рахмат. 1-апрель. Тамашага түшкөн курбуларым тоюма көйнөк карап башташыптыр. Менин бактым – менин кыздарым”, -деп билдирүү жасады.

Ал эми ырчынын күйөрмандары “сен жашсың, баары алдыда, бактылуу болууга татыктуусуң” дешсе алардын арасында айрым хейтерлер “өзүң эле айланаңда интрига жарата бересиң” деген пикирлерин билдиришүүдө.

Эске салсак, Анжелика Кайратованын Айыма, Элима, Айлин аттуу 3 кыздын апасы. Учурда ырчы кыздарын жалгыз чоңойтууда.

Ссылка: https://barometr.kg/anzhelika-kajratova-bakyt-kaalagandarga-rahmat-kurbularym-toyuma-kjnk-tandap-bashtashyptyr



Добавить комментарий