Анжелика Кайратова: "Албетте өзүм үчүн жашаганды билем”
Анжелика Кайратова өзүнүн жашоо турмушу, аткарган иштери жана үй-булөсу тууралуу жаңылыктары менен бөлүшүп келет. Ырчы көпчүлүк учурда ар түрдүү интригалардын чордонунда болуп калат, бирок чындыгында акыркы учурларда ырчынын жашоосу тынч, өз нугунда өтүп жатканын байкоого болот.
Ал инстаграм баракчасына жүктөгөн сүрөттөрунун биринде жадакалса сүрөткө түшүп эл менен бөлүшүүгө убактысы болбой жаткандыгын анткен менен сторис бөлүмүндө жашоосу уланып жатканын билдирди.
Үч кызын жалгыз тарбиялаган ырчы акыркы постунда жумуштан үйгө келээри менен кийимин которбой туруп кыздарына тамак жасаарын бирок өзү үчүн жашаганды да билээрин айтты.
“Эл үчүн, ата-эне, бир туугандарым, кыздарым үчүн, анан албетте-өзүм үчүн жашаганды билем”, -дейт ырчы.
Белгилей кетүүчү жагдай Анжелика да Рамазан айынын орозосун кармоодо.
Ссылка: https://barometr.kg/anzhelika-kajratova-albette-zm-chn-zhashagandy-bilem
Добавить комментарий ×