Анжелика хейтерлерине: "Ансыз деле менин жашоомду кооздоп турганыңар жетишет, кыздарыма тийишпегиле!"

8 октябрь 2018 09:30 6795 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Кыргыз эстрадасынын жылдыздарынын бири, дизайнер жана акыркы учурларда шоу бизнес чөйрөсүндө аты чуулуу Анжелика Кайратовнанын кичүү кызы Айлин 7-октябрда 3 жашка толду.

Кичинекей Айлиндин туулган күнүн жогорку деңгээлде жакын адамдарынын курчоосун өткөргөндүгүн ырчынын инстаграм баракчасына жүктөп жаткан постторунан байкоого болот.

Ырчынын айланасында көптөгөн ызы-чууга бай окуялар көбөйгөндөн уламбы, айтоор ал негатив жазган "хейтерлерге" менин жашоомду ансыз деле кооздоп турганыңар жетет, кыздарыма тийишпегиле! Алар ата-энесине эркелеп чоңоюп жатышат, кармангыла деген маанидеги билдирүү калтырды.

Ссылка: https://barometr.kg/anzhelika-hejterlerine-ansyz-dele-menin-zhashoomdu-koozdop-turganyar-zhetishet-kyzdaryma-tijishpegile



Добавить комментарий