Анжелика эртеңки туулган күнүнө кандай даярданууда?
Ырчы айым Анжелика эртең 12-июнда өздүк майрамын белгилейт. Мунун урматтына ырчы айым Ала-Тоо ресторанында “Анжелика 30 жаш” аттуу шоу-балеттик концертин тартуулайт. Кыргыз эстрада жылдыздары жана концерттин атайын коногу казакстандык ырчы айым Айдана Меденова болмокчу. Азыркы тапта ырчы каттуу даярдыктарды көрүп жаткан учуру.
Эскерте кетсек, Анжелика Кайратовна 1989-жылы 12-июнда Бишкек шаарында төрөлгөн. Чыгармачылык жолун 1997-жылы чоң сахнага "Айчүрөк" эстрада театрынын курамында баштаган. 2009-жылы "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси менен сыйланган. Үч кыздын энеси. Ишкерлик менен алектенет.
Ссылка: https://barometr.kg/anzhelika-erte-tuulgan-knn-kandaj-dayardanuuda
Добавить комментарий ×