Анжелика: Бүгүн ата-энем менен болочоктогу жолдошумду тааныштырам. Атамдан сүрдөнүп турам
Ырчы Анжелика болочоктогу жолдошун ата-энеси менен тааныштырып, үй-бүлөлүк кечки тамакка барарын айтты. Бул тууралуу ырчы кыздын соцтармактагы баракчасына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
“Бүгүн “Адилет” телесериалыбыздын акыркы серияларына тартылып, эң маанилүү үй-булөлүк кечки жолугушуу кечесине барабыз. Атамдан сүрдөнүп жатам. Кантсе дагы, мен алардын кичинекей кызымын. Аябай толкунданып жүрөм бир жумадан бери. Ииии, эмне болот? Турмушка чыккандан кийин мага чектөөлөр коюлса кыйналам го, анан урушуп кетсек кантем деп артка берип баштадым.
Мен акыркы төрт жылда кенен жүрүп, баарын жалгыз чечип көнүп калгам. Күйөөгө такыр тийбейм, баары жакшы десем, бойдокторго тийишүүлөр, жаман сөздөр жармаша берет экен. Анын үстүнө белгилүү анан бир аз сулуураак болсоң. “Аял-киши эркеке баш ийип жашаш керек” деген туура. Бирок, чеги менен, кол кармашып, ынтымакташып, сыйлашып.
Экинчи жашоомдогу тандоом туура болот деген үмүттөмүн. Ажырашуу аябай жаман нерсе. Үч кызың менен ого бетер эч жака батпайсын. Алар төрөлгөндөн азыркыга чейин өзүм карап жатсам, келечегине дагы жалгыз өзүм эле кам көрөм, буюрса. Кудайдан башка эч кимге финансылык жактан көз каранды болгум келбейт.
Бирок, моралдык жактан кыйынчылык башка түшкөндө эле, Кудай бир нече жолу болочок жолдошум экөөбүздү кокустан табыштырып, бири-бирибизге кам көрүүгө жол түзүп берди. Демек, бул тагдыр", - деп жазды ырчы кыз.
Эскерте кетсек, 2-январда ырчы Анжеликанын сүйүктүүсү кучак толо роза гүлүн тартуулап, Дубайдан анын колун сураган.
Айта кетсек, ырчы биринчи жолдошу Урмат Бекболиевге 2006-жылы турмушка чыгып, 10 жылдан ашык убакыт бирге түтүн булаткан түгөйлөр 3 кыздуу болушкан.
2018-жылдын 2-апрелинде Биринчи Май райондук сотунда ырчы Анжеликанын жолдошу Урмат Бекболиев менен ажырашуу тууралуу жазган арызы каралып, түгөйлөр мыйзамдуу түрдө ажырашкан.
Добавить комментарий ×