Анжелика: "Ал адамдын жүзүн эч ким көрбөйт"

3 октябрь 2018 15:20 9551 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Ырчы Анжелика учурда анын жүрөгүн багынткан бирөө бар экендигин ачыкка чыгарды. Бул тууралуу ырчы белгисиз адам менен кучакташып түшкөн сүрөтүн жүктөп, жергиликтүү маалымат булактарынын бирине: "Анын жүзүн эч ким көрбөйт, ал каякта иштейт?, эмне жумуш кылат?, айтор бул адам тууралуу бардык нерселер сыр боюнча калаарын айткан. Негизгиси ал адам ырчы айымды бардык жерден колдоп турат. Анжеликанын Лимон газетасына берген билдирүүсүндө мындай деп жазылат:

"Ооба азыр ар кандай ушактар жүрүп жатат. Мындай нерсе боло турчу нерсе го деп ойлойм. Сүрөттү өзүм жүктөгөм. Анда ал адамдын достору менен бир кечеде олтурганбыз. Учурда менин жүрөгүм бош эмес деп жарыялап коюну чечтик, себеби ажырашкандан кийин көп эркектер көз салууда".

Ссылка: https://barometr.kg/anzhelika-al-adamdyn-zhzn-ech-kim-krbjt



Добавить комментарий