Антонина Шевченко атаандашы америкалык Андреа Лиден жеңилип калды

17 май 2021 09:41 841 Айпери Эшенкулова
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандык UFC мушкери Антонина Шевченко атаандашы америкалык Андреа Лиден жеңилип калды. Бул тууралуу UFC Russia уюмунун соцтармактагы баракчасына жарыяланган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Кыргызстандык мушкер Антонина Шевченко UFCде жеңил салмак категориясында мушташып келет.

Америкалык мушкер каршылашын колун кайруу ыкмасы менен жеңип алды. Шевченко экинчи раунд бүтөрүнө сегиз секунд калганда утулду. Ал ага чейин эки мүнөттөй Линин буту менен муунтуу ыкмасынан чыга албай кыйналган.

Бул Антонина Шевченконун промоушендеги алтынчы беттеши болду. Кыргызстандык мушкер айым UFCде буга чейин, беш беттешке чыгып, үч жолу жеңишке жетип, эки жолу жеңилүү ызасын тарткан. Ал акыркы беттешинде, 2020-жылдын ноябрь айында UFC 255 турниринде бразилиялык Адриана Липскини экинчи раундда техникалык нокаут менен жеңип алган.

Ал эми, Шевчченконун атандашы Андреа Ли - мушкер, боксчу, кикбоксингде жана каратэде мыкты тажырыйбасы бар. Ал 2018-жылдан бери UFC уюмунда мелдешип келет. Америкалык мушкер буга чейин алты беттеш өткөрүп, акыркы үч мелдешинде катары менен утулуп калган.

Антонина Шевченко UFCнин жеңил салмактагы беш жолку чемпиону Валентина Шевченконун бир тууган эжеси.

Эске салсак, беттеш кечээ, 16-май күнү АКШнын Хьюстон шаарында UFC 262 мелдешинин алкагында өттү.

Ссылка: https://barometr.kg/antonina-shevchenko-ataandashy-amerikalyk-andrea-liden-zheilip-kaldy



Добавить комментарий