Аномалдуу ысыктан улам быйыл буудай, арпа аз алынды

10 сентябрь 2021 12:35 1156 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстанда аномалдуу ысыктан жана сугат суунун тартыштыгынан улам дан эгиндеринин түшүмү азайды. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук статистикалык комитетинен кабарлашканын “Барометр” кабарлайт.

Жалпысынан республика боюнча буудайдын дүң жыйымы 45,5 пайызга, арпа 55,2 пайызга, картошка 10,1 пайызга, бакча өсүмдүктөрү 6,7 пайызга, жемиштер 6,5 пайызга, жашылчалар 2,4 пайызга азайды.

23-августка карата дан эгиндери (күрүч, гречиха жана дан буурчактарды кошпогондо) 380 миң гектар аянттан жыйналды, 536 миң тонна дан бастырылды.Бул 46,8 пайызга аз.

Учурда республиканын айдоо аянттарынын 66 пайызынын дан эгиндери жйналып бүттү.

 

Ссылка: https://barometr.kg/anomalduu-ysyktan-ulam-byjyl-buudaj-arpa-az-alyndy



Добавить комментарий