Кытай Кыргызстанга гуманитардык жардамга буудай берет

9 сентября 2021 17:14 683 Barometr
Поделиться в:
ok

Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялуу району Кыргызстанга гуманитардык жардам иретинде 1 500 тонна буудай, ошондой эле COVID-19 менен күрөшүүгө каршы жеке коргонуучу каражаттарды берет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.

Бүгүн тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен Кытайдын элчичи Ду Дэвендин жолугушуусу болду. Кыргыз-кытай кызматташтыгынын алкагында жасалып жаткан иштер жана буга чейинки макулдашуулардын ишке ашырылышы боюнча пикир алмашуу болду.

Гуманитардык жардам берүүдөн тышкары тараптар 16-17-сентябрда Дүйшөмбү шаарында өтө турган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттерддин мамлекет башчыларынын жыйыны тууралуу талкуулашты.

 

Ссылка: https://barometr.kg/kytaj-kyrgyzstanga-gumanitardyk-zhardamga-buudaj-beret



Добавить комментарий