Анджелина Джолинин кыздары эркекке айланып бара жатат

13 март 2019 14:59 4036 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Голивуддун эң көп балалуу актрисасы Анджелина Джоли акыркы убактарда эл алдына балдары менен көп чыгууда. Бул ирет үй-бүлөсү менен "Дамбо" тасмасынын ачылышына келген актриса жанына 10 жаштагы эгиздери Вивьен жана Нокс, 12 жаштагы Шайло жана 14 жаштагы Захараны ээрчитип чыкты.   

44 жаштагы Анжелинанын кыздары уламдан улам көбүрөөк эркек балдарга окшоп бара жатканын батыштын таблоиддери белгилешти. Джолинин өзү төрөгөн кыздары Шайло жана Вивьен эркек балдардай боло баштаганы көп убакыт болду. Шайло үч жыл мурда кыздардын көйнөгүн кийүүдөн баш тарткан жана ысымым Джон деп өзүн эркек бала катары эсептөөнү суранган.

Кичүү кызы жөнүндө Анжелика маек берип, анда “Вивьен биздин үй-бүлөдөгү эң назик кыз болчу.Эми Шайлону туурап чачын кырып, көйнөк кийгенден баш тартты”,-деп айтты.

Бирок Анжелика буга эч кейибей, кыздарына эркиндик берүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/andzhelina-dzholinin-kyzdary-erkekke-ajlanyp-bara-zhatat



Добавить комментарий