Android колдонуучулары сөзсүз өчүрүшү керек болгон функция жөнүндө эскертүү берилди

28 апрель 2021 14:45 3136 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Android смартфондоруна төлөм карталары жөнүндө маалыматты автоматтык түрдө сактоо киберкылмышкерлердин колуна өтүп кетишине шарт түзөт. Бул тууралуу Hi-Tech Mail.ru адистери билдирген маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Өзүңүздүн каражатыңызды коргоо үчүн, уюлдук телефонуңузга картаңыздын маалыматтарынын сакталышына жана башка сайттарга өткөрүүсүнө жол бербешиңиз керек. Ал үчүн Chrome мобилдик браузеринен "Төлөм ыкмалары" бөлүмүн ачып, төлөм маалыматын автоматтык түрдө сактоого жана толтурууга мүмкүнчүлүк берген функцияны өчүрүңүз.

Мындан тышкары, сайттардын сиздин эсеп-кысап маалыматыңыздын сакталган сакталбагандыгы туурулуу текшерүүгө бөгөт коюуңуз. Бул үчүн, "купуялык жана коопсуздук" бөлүмүн ачып, "төлөм ыкмаларына жеткиликтүүлүк" пунктуна бөгөт коюуңуз.

Адистер ошондой эле, Android колдонуучуларына даректер тилкесине Chrome: // flags деп терип браузердеги “желектер” менюсун ачууну сунушташты. Андан кийин, Credit card autofill ablation experiment и Enable offering upload of autofilled credit cards пунктун таап иштетүү сунушталат.  Андан кийин, үчүнчү жактардын сайттары эсеп-кысап маалыматтарын автоматтык түрдө толтурууну сунуш кыла албай калышат.  Ошондой эле, бул жөндөө бардык гаджеттерде иштей берет.

Ошол эле менюда, эксперттер Safety Check on Android опциясын жандырууга кеңеш беришет. Ал коопсуз веб-баракчалар үчүн жооп берет, ошондой эле, сиздин сыр сөзүңүз же башка маалыматтар ачыкталып кетсе сизге маалымат берип турат.

Ссылка: https://barometr.kg/android-smartfondorun-koldonuuchular-szsz-chrsh-kerek-bolgon-funkciya-zhnnd-eskert-berildi



Добавить комментарий