Анарбай Мамажакыповдун сотуна баш прокурор чакырылууда

28 август 2019 15:20 1294 Жайнагул Такенова
Бөлүшүү:
ok

Баткен облусунун мурдагы прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө шек саналып жаткан Мелис Калыковдун жакындары баш прокурор Өткүрбек Жамшитовду күбө катары сотко катышуу үчүн чакырышты.

Бул тууралуу айыпталуучунун бир тууганы Дамира Калыкова билдирди.

"Биз окуя болгон жерде биринчи жолу экспертиза жүргүзгөн, көргөн адамдарды күбө катары чакырууну соттон суранганбыз. Судья Кудаяров силерге керек болсо өзүңөр чакыргыла деп жатат. Ал күбөлөр эмнеге келбей жатат деген суроону да койгон жок. Окуя болгон учурда барып көргөн баш прокурор да күбө катары келсин деп жазганбыз".

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бул боюнча маалымат аларга келип түшпөгөнүн, сот жана сотко катышкан прокурор буга байланыштуу кабар бербегенин билдирди.

43 жаштагы Анарбай Мамажакыпов 2018-жылы ноябрда киши колдуу болгон. Анын сөөгү Баткенде тоо арасынан табылган. Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Киши өлтүрүү» беренеси менен иш козголгон.

 Кылмышка шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын ошол кездеги башчысы Мелис Калыков кармалган. Учурда ал Ош шаарындагы тергөө абагында жатат. Калыков өзүнө коюлган айыптарды мойнуна албай келет. Иш Ош шаардык сотунда каралууда. Кийинки отурум 2-сентябрда болот.

Ссылка: https://barometr.kg/anarbaj-mamazhakypovdun-sotuna-batkendin-bash-prokurorun-sotko-chakyryluuda



Добавить комментарий