Америкалык окумуштуулар: Жер тоголок эмес, жалпак

18 март 2019 11:52 4765 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бир аз күн мурда Америкада Жердин жалпак экендиги тууралуу теорияны жактагандардын илимий конференциясы болуп өттү. Анын катышуучулары “Жер планетасы эч качан толголок болбогонун далилдедик”,- деп ырасташууда. Бул тууралуу hdnpmag.com булагы кабарлады.

Конференцияга бир нече миң көрүүчү келген. “Окумуштуулардын” айтымында Жер жалпак диск түрүндө жана анын диатмери Түндүк уюлдун борборунан 40 миң чакырымга созулат. 

“Түштүк уюл деген болсо таптакыр жок, болгонун анын ордунда дисктин айланасындагы муз катмарлары бар. Илим муну териштирип чыгышы керек. Алар түбөлүк эле бизди алдай беришеби? Биздин тоголок шарикте жашап жатканыбыз жакпайт”, деп билдирди креационизмди жактоочулардын бири, лектор Марк Саргент.

Конференциянын катышуучуларынын бири Майк Хьюз Мохаве чөлү аркылуу асманга көтөрүлүп Жердин кандай экенин көргөзө турган атайын ракета куруп жатканын кошумчалады. Ракетаны учуруу кийинки жылдын май айына белгиленди.

Ссылка: https://barometr.kg/amerikalyk-okumushtuular-zher-togolok-emes-zhalpak



Добавить комментарий