Америкалык аял беш баласын атып өлтүрүп, анан өз жанын кыйган
Американын Батыш Вирджиния аймагында өрттөлгөн үйдөн беш наристенин сөөгү табылган, балдарды энеси атып өлтүрүп, андан кийин үйдү өрттөп жиберген. Бул тууралуу WSAZ телеканалына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Кайгылуу окуя 2020-жылдын 8-декабрында болгон. Гринбрий округунун шерифи Брюс Слоун 25 жаштагы Ореанна Майерс бир жаштан жети жашка чейинки балдарды атып өлтүргөнүн, бир үйдү өрттөп, андан кийин өз жанын кыйганын айтты. Балдардын үчөө өзүнүнкү жана экөөсүн багып алган.
Окуя болгон жерден өрт өчүргүчтөр үч катты табышкан. Катта психикалык саламаттыгынын жакшы эместигинен балдарды атып өлтүргөнү жазылган.
Ссылка: https://barometr.kg/amerikalyk-ayal-besh-balasyn-atyp-ltrp-anan-z-zhanyn-kyjgan
Добавить комментарий ×