Америкада банк имаратында атышуу болуп, 4 адам мерт кетти
Бөлүшүү:
Америкадагы Fifth Third Bank корпорациясынын имаратында атышуу болуп, андан 4 адам мерт кетти. Берилген маалыматтарга караганда окуя Американын Огайо штатында болгон. 30 кабаттуу имараттын жанындагы атышуу көчөдө кетип бараткан адамдарга дагы атылган. Полиция менен белгисиз адамдардын ортосундагы атышуудан экөө ошол жерден каза таап, эки адам ооруканага жеткенде көз жумган. Окуянын чоо-жайы толук иликтенип бүтө элек.
Ссылка: https://barometr.kg/amerikada-bank-imaratynda-atyshuu-bolup-4-adam-mert-ketti
Добавить комментарий ×